Нейтрино астрономиясы
Нейтрино астрономиясы - байкоо астронмиясынын Жерден башка булактардан чыккан нейтрино агымдарын изилдөөчү жаңы бөлүмү.
Нейтрино Күндүн жана жылдыздардын ички теги жана аларда болуучу процесстер жөнүндө информацияны Жерге жеткирүүчү бирден бир гана булак болуп эсептелинет.
Нейтрино астрономиясы негизги үч тармакка бөлүнөт: Күндүн нейтрино астрономиясы—Күндөн кубаттуу нейтрино агымынын таралып чыгышы андагы суутектин гелийге термоядролук айлануу энергиясы менен камсыз кылынат. Нейтринолук жарк этүү — «тынч абалдагы» жылдыздардан келген нейтрино агымдары. Нейтрино катышкан астрофиз. кубулуштарды изилдөө астрофизпканын жацы тармагын — нейтрино астрофизикасын пайда кылды. Нейтрино астрономиясы менен нейтрино астрофизикасынын өнүгүшү асман телолорунун түзүлүшү, о. эле өз ара начар аракеттениш жөнүндөгү информацияны да билүүгө жардам берет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.