Некк
Некк (англиялык neck – моюн) – жанар тоо өзөгү. Эффузивдүү тектер же алардын кесек талкаланган бөлүкчөлөрү толуп, аны ысык газ аралап өткөндө өзгөрүүгө дуушар болгон тулку. Кенташтардын пайда болушуна шарт түзүлөт. Туура кесилиши тегерек же эллипс түспөлдүү болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7