Башбаракты ачуу

Нексе, Мартин Андерсен

Мартин Андерсен-Нексё (1951).

Андерсен-Нексё, Мартин (өз фамилиясы Андерсен) (26. 6. 1869, Копенгаген - 1. 6. 1954, Дрезден) - дания жазуучусу.

Оңдоо

1869-жылы 26-июнда Копенгагендеги таш сомдоочу жумушчунун үй-бүлөөсүндө туулган. 1889-1891-жылдары ал Борихольм аралындагы мектептен окуган. Жазуучунун революциялык көз карашынын калыптанышына 1905-жылкы орус революциясы таасир берген. «Кызыл желек» деген макаласында «Россиядан ишеничтин учкунун тутандырып, келечекти жаркыраткан байыркы өлбөс сагилердики сыяктуу кабар келет» - деп жазган. Өзүнүн чыгармаларында социалисттик реализмдин принциптерин жүзөгө ашырган. «Жеңишчил Пелле» Романы Дания адабиятында пролетардык таптык күрөштү, эркин коом жөнүндө кексеген максаттарды көрсөткөн жаңы типтеги чыгарма. Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда милитаризмге каршы жалындуу публицист катарында күрөшкөн. Ошол мезгилдеги көрүнүктүү чыгармасы - «Дитте - адам баласы» деген (1917-1921) романы. Чыгармадагы каармандын образы - дүйнөлүк адабияттагы эң мыкты аялдардын образдарынан болуп саналат. Ал эми экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде империализмди ашкерелеген «Кызыл Мортен» (1945-48) романын жазган, Андерсен Советтер Союзунун чыныгы досу болгон, өлкөгө бир нече жолу келген. Анын «Эки дүйнө», «Колуңду тарт» деген чыгармалары жаш совет мамлекетине арналып жазылган. 1934-жылы советтик жазуучулардын бүткүл союздук биринчи съездине катышкан, 1936-жылы Испаниядагы маданиятты коргоого арналган жазуучулардын Эл аралык Конгрессине барган. Гитлерчилер Данияны басып алганда ал митингдерде чыгып сүйлөп, элди фашисттерге каршы күрөшкө чакырып үндөгөн. 72 жаштагы катуу оорулуу Андерсен Нексени 1942-жылы түрмөгө камашып, Целледеги (Германияда) концлагерге жөнөтүшкөн. Бирок бүт дүйнөнүн демократиялык коомчулугунун кийлигишүүсүнүн натыйжасында аны кайра 1943-жылы өз Мекениндеги госпиталга которууга аргасыз болушкан. 1944-жылы ал СССРге келип, согуш бүткүчө турган. Согуш аяктаганда ГДРдеги Дрезден шаарына кетип өмүрүнүн акырына чейин ал жакта жашаган. М. Андерсен - Нексе Дания компартиясынын негиздөөчүсү, тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин, эл аралык, Лениндик сыйлык боюнча комитетинин мүчөсү болгон. Анын 3 миллион 733 мин, нускадагы 95 китеби дүйнө элдеринин 10 тилинде жарыкка чыккан. Кыргыз тилине да айрым чыгармалары, «Жаннета» романы которулган. Жазуучу 1954-жылы дүнөдөн кайтып, сөөгү Копенгагенге коюлган. Дүйнөгө таанымал Борбордук Азияны тарыхчысы жана географы Николай Михай- эстелик. Эстеликтин эскизин саякат- А. А, Бильдерминт түзүп, моделин 1894-жылы инженер К. А. Борисоглебтен тургузулган. Ар түркүн гүлдөргө толгон эстегеография коомунун атынан полковник дук Азияны изилдөөчү Н. М. Пржемын жана анын жеке ийгиликтерин эстелик жалпак граниттерден элестетет. Асканын чокусунда бүркүт- эр жүрөктүүлүктүн, каармандыктын Бүркүттүн тумшугундагы чынардын эмблемасы сыяктуу туюлат.

АдабиятОңдоо

  • Андерсен Мартин-Нексе. Жаннета: Роман / Котор.: Иманов А. - Ф., 1973. -214 б.
  • АНДЕРСЕН - Нексе // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф., 1976. Т.1. - Б. 227
  • Мартин Андерсен-Нексе //Кыргызстан маданияты. - 1969. - 25- июнь.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1