Нектон (гр. nēktos – сүзүүчү ) – суу агымына туруштук бере алуучу жана бир кыйла аралыкка активдүү сүзүп жүрүүчү жаныбарлар жыйындысы. Нектондун өтө көп жанатуруктуу өкүлдөрү – балыктар, кальмарлар, кит сымалдар, деңиз жыландары. Нектонго, ошондой эле кургактыкта тукумдап, бирок сууда азыктануучу жаныбарлар, мисалы,калак буттуулар, суу таш бакалары, пингвиндер, калан жана башка кирет. Алардын денеси сүйрү формада болуп, кыймыл органдары жакшы өрчүгөн. Нектон деңиздин үстүнкү тереңдигинде абдан ар түрдүү жана көп санда, себеби ал андагы азыктардын молдугуна байланыштуу.

Жашыл ташбака (Chelonia mydas).

Колдонулган адабияттар түзөтүү