Нематодоздор – өсүмдүк, мал жана адамдын мите нематодалар (жумуру курттар) пайда кылуучу гельминтоздорунун (аскаридоз, амидостомоз, диктиокаулёз, метастронгилёз, мюллериоз, оксиуроз, параскаридоз жана башка) жалпы аты. Курттун узундугу 1 ммден 1 мге чейин, жип сымал же түрүлгөн формада, айрым жыныстуу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу жана нерв системалары бар. Мите адамдын ткандарында жана органдарында (ичеги-карын, булчуң, дем алуу органдары, боор, бөйрөк жана башка) мителейт. Нематодоздор геонематоздор жана бионематоздор болуп бөлүнөт. Геонематоздун козгогучу сырткы чөйрөдө (топурак, суу, буюм) көбөйөт, ал эми бионематоздун козгогучу ээсин алмаштыруу мененөрчүйт. Нематодоздор адамга суу, тамак-аш аркылуу жугат. Нематодоздор малдын чоңоюшун кечиктирет, продукттуулугун төмөндөтүп, өлүмгө дуушар кылат. Алдын алууда короо-жайды таза кармоо, баалуу тоют жанасуу менен камсыз кылуу, гельминтсиздендирүү иштерин өз убагында жүргүзүү, жайытты алмаштырып туруу жана башка иштердин мааниси чоң. Дарылоодо гельминттерге каршы дарылар колдонулат. Нематодоздор менен өсүмдүктөр да жабыркайт. Илдетке чалдыккан өсүмдүктүн үрөнү кечигип чыгат, өсүмдүктүн сабагы жооноюп, жалбырагы кичиреет. Өсүмдүк жакшы бүрдөбөй, соолуйт жана түшүм бербейт, акыры куурап калат. Каршы күрөшүү үчүн өсүмдүк үрөнүн дарылоо, топуракка нематоцид чачуу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү