Неотения (ntоs – жетилбеген, жаш жана гр. ttino – чоюу, узартуу) – айрым организмдердин личинка абалында же жеке өрчүүнүн баштапкы стадиясында жыныстык жетилүүгө жанакөбөйүүгө жөндөмдүүлүгү. Бул учурда жаныбар личинкасында жыныс системасы гана жетилген организмге мүнөздүү өрчүп, ал эми башка органдары личинка абалында кала берет. Айрым учурда личинкалар метаморфозго учурабай, узак убакытка чейин өсөт, бирок көбөйүү жөндөмдүүлүгү болбойт. Онтогенезде жашоо чөйрөсү өзгөрүп туруучу организм түрлөрүнүн ыңгайлануусу үчүн неотения жөндөмдүүлүгүнүн мааниси чоң. Неотения кээ бир курттарда, рак сымалдарда, жөргөмүш сымалдарда жана курт-кумурскаларда, айрыкча жерде-сууда жашоочуларда кеңири таралган. Мисалы,куйруктуу жерде-сууда жашоочу амбистоманын жыныстык жактан жетилген сууда жашоочу личинкасы – аксолотль. Жылуу сууда жашоочу амбистоманын онтогенези метаморфоз менен жүрөт, терең, муздак сууда жашоочуларында неотения байкалат. Толук эмес неотения тритондордун кээ бир түрүнө мүнөздүү. Неотения байкалуучу кээ бир жерде-сууда жашоочулардын метаморфозунун кечеңдеши калкан безинин функциясынын начарлашы менен байланыштуу.

Ambystoma mexicanum

Колдонулган адабияттар түзөтүү