НеофашизмЭкинчи дүйнөлүк согуштан кийин таратылган фашисттик уюмдардын саясий жана идеялык багытын уланткан азыркы замандагы оңчул-радикалдык кыймыл (к. Фашизм). Азия менен Африкада колониялык системанын кыйрашына байланыштуу Батыш Европадагы мурдагы метрополияларга иммигранттар келе баштаган. Алардын көбөйүшүнө байланыштуу Европада 1960–80-жылдары оңчул-радикалдык багыттагы уюмдар Германия, Улуу Британия, Франция, Австрия, АКШ (Жон Бэрчтин коому, америкалык улутчулдук партия жана башка) жана Чыгыш Европ өлкөлөрдө (бөтөнчө Эстония менен Латвияда), айрыкча Орусияда (Элдик улуттук партия, Орус улуттук биримдиги, Славян союзу, Мыйзамсыз иммиграцияга каршы кыймыл жана башка) уюшулуп, неофашизм күчөгөн. Европалык социалдык кыймыл (Мальмё интернационалы), Европалык улуттук партия жана башка сыяктуу кээ бир неофашисттик уюмдар эл аралык деңгээлде түзүлгөн. Неофашизм гуманизмге каршы турат жана фашисттик атрибуттарды (свастика, кара түстөгү униформа, фасция жана башка) жана ырым-жырымдарды (колун өйдө көтөрүп учурашуу жана башка) колдонот. Социалдык жана улутчулдук демагогия методдорун пайдаланып, неофашисттер өлкө калкынын айрым бөлүгүнө (майда ишкерлерге, орто катмардагы чиновниктерге, жаштарга) таасир этүүгө аракеттенет. Неофашисттик уюмдар менен топтордун таасири анча болбосо да, алар кыйла коркунучтуу болуп саналат. 1991-жылы СССР тарагандан кийин элдин турмушунун начарлашы, жумушсуздук жана Кавказ менен Орто Азиядагы улуттар аралык чыр-чатактардын натыйжасында Россияда да орус улутунун мүдөөлөрүн барынан жогору койгон радикал партиялар мененкыймылдар тез күч ала баштаган. Неофашизмге коомдун демократияланышы жана күчтүү мыйзамга баш ийүү гана тоскоолдук боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү