Непал тили, непали, гурк хали, кхаскура – непалдыктардын тили. Непалдын расмий тили. Непалдын айрым штаттарына, Сиккимге жана Бутанга тараган. Инди-европа тил уясындагы (семьясындагы) тилдердин инди-арий бутагына кирет. Төрт диалекти бар: борб., чыгыш непали, батыш непали, Гималайдагы элдин диалекти. Непал тили – аналитикалык-синтездик түзүлүштөгү тилимий Лексикасынын негизи санскриттен чыккан сөздөрдөн куралган. Жазууда деванагари, нагари шрифттерин (к. Инди жазуусу) пайдаланат. Алгачкы жазма эстелиги 1337-жылга таандык. Адабий тили борбордук диалектинин негизинде 19-кылымдын башынан тартып өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү