Непетадай скутеллярия (лат. Scutellaria nepetoides, M. Pop. ex fuz) - Көп жылдык өсүмдүк. Тамыр сабы ичке, тармактуу. Сабагынын бийиктиги 5-15 см, ичке жана начар, чаржайыт таралган, бир аз көтөрүңкү, оркойгон жыш түктүү болгондуктан, бопбоз көрүнөт. Жалбырактары кичине, узундугу жана туурасы 5-10 мм, тескери жумуртка сымал, түбү жүрөк сымал, ири кыры текши эмес, узун сапсайган жыш түктөрүнөн улам боз көрүнөт, Гүл тобу башында кыска, узундугу 5 см. Гүл астындагы жалбырактары созулуңку- ланцеттей, узундугу 7 мм ге чейин, туурасы 3 мм, кайыкча сымал, учтугуй, түшүп калуучу жалбырактуу. Гүл сабы тик, чөйчөкчөсү менен тең, кыска булалуу (түктүү). Гүл коргону кызгылтым-сары, узундугу 1,2-1,5 см, астыңкы эрининин астында сары темгилдери жана кара тактары бар, сырты түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Май-августта гүлдөп жана мөмөлөйт. Уругу аркылуу көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Алай кырка тоосу, Шахимардан суусунун бассейни.

Өсүү шарттары түзөтүү

Шагыл-таштуу тоо беттеринин ортоңку алкактарында өсөт.

Саны түзөтүү

Көп эмес.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Жайыттарды мал үнөмсүз тебелеп, гүлдөрүн үзүп-чогултуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалыматтар жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз ССРинин Кызыл китебине (1985) киргизилген. Атайын коргоо чаралары иштелип чыккан эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Өсүмдүктү текши корукка алып, гүлдөрүн чогултууга тыюу салып, популяциясы кеңири тараган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Жайыттарды үнөмдүү пайдалануу.

Статусу түзөтүү

VU . Өтө сейрек ( кууш), чакан кездешкен эндем түр. Декоративдүү өсүмдүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү