Нерсе — болмуштун бөлүкчөсү.

Ал касиеттери, түзүлүшү, милдети, сапаттык жана сандык өзгөчөлүктөрү боюнча мүнөздөлөт. Нерсе аң-сезимден тышкары жашап, идеалдык (түшүнүк, ой-пикир ж. б.) түрүндө да болушу мүмкүн. Нерсенин өзгөрүшү кубулуш же процесс деп аталат. Кубулуштун өзүн да Нерсе катары караса болот. Болмуштагы касиеттер жана мамилелер, байланыштар абстрактуу Нерселерлерди түзөт. Тигил же бул негизде бириккен Нерселердин жыйындысы башка касиеттерге ээ болгон жаңы Нерсени жаратат.

Философиялык адабияттарда Нерселерге мамилелеш «объект» же «предмет» деген түшүнүктөр бар.

Булактар түзөтүү

  • Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8