НЕСЕВИ Шихаб ад-Дин Мухаммед ибн Ахмад – 12-кылымдын акыры – 13-кылымдын башында Орто Азияда жашаган тарыхчы. 1223-жылдан Хорезм шах Мухаммеддин уулу Жалал ад-Динге кызмат өтөгөн. Ошол доор-догу окуяларды баяндаган араб тилинде «Сират ас-султан Жалал ад-Дин Манкбурны» («Жалал ад-Дин Меңбурнунун өмүр чыйыры») аттуу эмгек жазган. Бул эмгекте Теңир-Тоо, Жетисуу аймактарында болуп өткөн айрым окуялар чагылдырылган. Несевинин эмгегин З. М. Буниятов орусчага которгон (1973).

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.