Нефелометрия – суспензия аркылуу өткөн нур чачырашынын интенсивдүүлүгүн өлчөөгө негизделген. Н. 1912-ж. Ф. Кобер сунуштаган. Чачыраган нур интенсивдүүлүгү ID зат бөлүкчөсүнүн өлчөмүнө жана санына көз каранды: ID =КС Н. жардамы менен сууда эрибеген жана туруктуу суспензияны пайда кылуучу зат концент. аныктайт. Фотонефелометриялык изилдөөлөрдө стандарттык эритмелер пайдаланып калибровкалоочу графикти түзөт. Изилденүүчү суспензия интенсивдүүлүгүн өлчөгөндөн кийин анын концентрациясын график боюнча аныктайт. Суспензияны туруктуу агрегаттык абалда кармоо үчүн коргоочу коллоидди кошот, мисалы, крахмал, желатин эритмелерин. Оптикалык тыгыздык менен эритмедеги зат концентрациясынын жана жарык нурунун сиңирилишинин ортосундагы көз карандылык Бугер-Ламберт-Бээр закону боюнча аныкталат. It =I 0·10—ECI теңдеменин оң, сол жагын I0 бөлүү менен төмөнкү теңдемени алат: It/I0 =10 —ECI ; It/I 0 катышы оптикалык тунуктук деп аталат да, Т менен белгиленет же өткөрүүнүн коэффициенти: I=1/см. T= It/I0 =10 —ECI ; Тескерисинче I 0/It тунуксуздукту же сиңирип алуу дегенди билдирет. D-оптикалык тыгыздык D=ELC формуласы менен туюнтулат. Мында, Е-зат молдук сиңирүү коэффицентти, L-сиңирүү калыңдыгы, С- концентрация. Демек, оптикалык тыгыздык түстүү эритменин концентрациясына жана катмар калыңдыгына түз пропорционалдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү