Нефрит (таш)
(Нефрит барагынан багытталды)
Нефрит (гр. nephrjs – бөйрөк) – минерал; актинолит менентремолиттин майда кристаллдуу түрү. Жакшы жылмаланат. Ак, жашыл сымал, күрөң жашыл түстө. Негизги тектердин (серпентин, пироксен, амфибол) метаморфизмделишинен пайда болот. Илгери Кытай, Бирма, Индияда кооздук үчүн пайдаланылган. Кендери Чыгыш Саянда, Байкал аймагында, Кытайда, Жаңы Зеландияда кездешет.
Колдонулган адабияттарОңдоо
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7