Нивалдык алкак, кар мөңгүлүү алкак, нивалдык гляциалдык алкак – тоонун түбөлүк кар жанамөңгү ээлеген эң бийик бөлүгү (кыры). Климаттык кар чегинен жогору жатат. Үбөлөнүү процесстери активдүү жүрөт. Нивалдык алкактын төмөнкү чеги уюлдук аймактарда деңиз деңгээлине чейин түшсө, Борбордук Азиянын бийик тоолорунда 6500 мге чейин көтөрүлөт. Теңир-Тоодо 3800–4000 мден 4900 мге чейин жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү