Нидерланд революциясы (1566–1609)

Нидерланд революциясы (1566–1609) – Испан үстөмдүгүн толук жоюуга багытталган жана кальвинизмдин туусу алдында өткөн Нидерланддагы революция . 15–16-кылымда католик чиркөөсүнө таянган испан абсолютизми Нидерланддын экономикасынын жана мадабиятынын өнүгүшүнө кедерги болгон. Вильгельм Оранский башында турган оппозициялык топ испандык режимге каршы чыккан. 1566-жылы католик чиркөөсүнө каршы турган элдик көтөрүлүш (5500дөй чиркөө жана монастырь талкаланган), 1572-жылы жазында өлкөнүн түндүгүндө, 1576-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү көтөрүлүштөр, 1579-жылы Утрех униясынын түзүлүшү Нидерланд революциясынын урунттуу учурлары болгон. Революция өлкөнүн түндүгүндө гана жеңип, түштүгү 1585-жылга чейин испан бийлигинде калган. Нидерланд революциясы испан абсолютизмине сокку уруп, Европадагы революцияларга жол ачкан. Анын натыйжасында испан үстөмдүгү кулатылып, Түндүк Нидерландда Европадагы биринчи республикасы негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү