Никарагуалыктар (өздөрүн никарагуэнсес деп аташат) – эл, Никарагуанын негизги калкы. Ошондой эле Коста-Рика, АКШ, Панама жана башка америкалык өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 7 миллионкиши, анын ичинен 5,8 млну Никарагуада (2012). Н-дын 85–90%и индей-европалык-африкалык аргындар, калгандары келгин испандардын тукумдары (креолдор). Испан тилинде сүйлөшөт, Никарагуанын чыгыш бөлүгүндө англис тили тараган. Никарагуалыктардын көпчүлүгү – католиктер, англис тилдүү тургундар – протестанттар. Никарагуа аймагын европалыктар келгенге чейин макрочибча индей уруулары мекендеген. 16-кылымдын 1 жарымынан Никарагуага испан колониячылары келип, колониялай баштаган. 17–18-кылымда плантацияларда иштөө үчүн өлкөгө африкалык кулдар алынып келинген. 18–19-кылымда Никарагуада жашагандардын аргындашуу процесси башталган. Негрлер жанаөлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү индейлер Никарагуалыктар менен ассимиляциялашкан. Никарагуалыктардын көпчүлүгү – дыйкандар жана плантация жумушчулары. Айыл жамааты маанилүү роль ойнойт. Материалдык мадабияты мексикалыктардын маданиятына жакын. Салттуу тамак-ашы – накатамаль (жүгөрү унунан даярдалган пирог). Негизги майрамы – карнавал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү