Никель оксиддери – никель оксиддеринин ичинен так изилденген маалыматтарынын көбүрөөгү (II) NiO, ал эми Ni2O3, Ni3О4 типтеги оксиддери ж-дө божомолдоп гана айтууга болот. Кадимки шартта булар термодинамикалык туруксуз заттар. NiO бөлмө темп-расында ромбоэдрлик торчолуу жашыл-сымал кристаллды: а = 2,9518 = 60°, 2 (180) пайда кылат. Тыгызд. 7,45 (200)г/см3. 2000С жогору кубдук модификацияга өтөт: а = 4,1946 (275°С), NiO сууда эрибейт, к-тада жеңил эрийт. Суутек жана көмүртек (II) оксиди ысытууда металлга чейин жеңил калыбына келтирет. Жаратылышта NiO бунзенит минералы түрүндө кездешет. Ni(OH)2 же NiCO3 (600°С) же Ni(NO3)2 (1000°C) абасыз чөйрөдө ысытууда Н. о. алынат. NiO боёк, эмалдар, катализаторлор жана жарым өткөргүч материалдар даярдоодо пайдаланат. Никель гидроксиди Ni(OH)2 никель туздарына щелочту таасир кылганда чөгөт. Мунун жашыл гексоганалдык кристаллдары: а = 3,123, в = 4,604, тыгызд. 4,09г/см3, пайда болуу жылуулугу DН0298 = -128,7 ккал/моль. Никель (II) туздарына күчтүү окистендиргичтер катышуусунда (NaOCl, NaOBr, O3) щелочту таасир кылса, Ni(OH)3 кара чөкмөсү түшөт. Бул күчтүү окистендиргич болгондуктан, щелочтук аккумуляторду даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү