Деменев Николай Васильевич (22. 11. 1902-ж. т., Пермь обл.) - советтик металлург, Кыргыз ССР ИАнын акад. (1961), тех. илимд. доктору (1948), проф. (1949). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1962).

Өмүр баяны түзөтүү

1919-жылдан КПСС мүчөсү. 1930-ж. Урал политех. институтун (Свердлов ш.) бүтүргөн. 1932-36-ж. Урал физ.-химия институтунун директору, 1936-жылдан СССР ИАнын Урал филиалынын Президиумунун окумуштуу катчысы, председатеелинин орун басары (1938) жана төрагасы (1956). 1961-жылдан Кыргыз ССР ИАнын системасында иштеген, 1962- 65-ж. Орг. эмес жана физ.-химия институтунун директору, 1965-жылдан Минскидеги Эл чарба институтунун химия кафедрасына башчы.

Деменев сейрек металлдардын химиясын жана технологиясын, аларды бөлүп алуунун комплекстик сырьёсун кайра иштетүүнүн кремний- фтордук методун жана радиоактивдүү элементтерди бөлүп алуунун жолдорун теориялык жактан иштеп чыккан. Кыргыз ССР Жог. Советинин (6- шайл.) депутаты. Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак Белгиси» орденн жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.