Никол Пашинян

Армениялык саясатчы, Армениянын премьер-министри

Никол Воваевич Пашинян (арм. Նիկոլ Վովայի Փաշինյան; төр. 1-июнь 1975, Ижеван, Армян ССРи) — Армениялык журналист жана саясий ишмер. Армения парламентинин депутаты (2012-жылдан тарта).

Никол Воваевич Пашинян
арм. Նիկոլ Վովայի Փաշինյան
Никол Воваевич Пашинян
Желек
Желек
Армениянын премьер-министри
желек
желек
 8-май 2018
Президент: Армен Саркисян
Андан мурунку: Карен Карапетян
Желек
Желек
«Елк» фракциясынын төрагасы
желек
желек
 17-май 2017
 
Туулган жери: Ижеван, Армен ССРи, СССР
Жубайы: Анна Акопян
Партиясы: Импичмент (2007)
АНК (2008-2013)
Жарандык коом (2015)
Елк (2016—а.у)
Кесиби: журналист, саясатчы

Өмүр баяны түзөтүү

Никол Пашинян 1975-жылы Армениянын Ижеван шаарында туулган. 1991-жылы мектепти аяктаган соң Ереван мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырат. Бирок диплому колго тийген эмес. Себеби университетти аяктай турган жылы чечүүчү экзаменге 2 апта калганда саясий көз карашынан улам окуудан айдалып кеткен. Буга анын университеттин жана өлкөнүн жетекчилигине карата айткан сын пикирлери себеп болгон. Азыркыга чейин анын окуу жайды бүтпөй калганы кызуу талкууланып келет. Мындай сындардан тажаган Пашинян 5 жыл ичинде билимдүү, алдыңкы студент болгонун далилдөө үчүн "Сынак китепчесинин" көчүрмөсүн интернетке жарыялаган. Журналистикадан саясатка карай... Пашинян журналисттик ишмердүүлүгүн студент учурунда эле баштаган. 1993-1994-жылдары "Дпрутюн" гезитинде катардагы журналист катары иштеп, эмгек жолуна "расмий старт" берген. Андан соң 3 жыл оппозициялык маанайдагы бир нече гезитте калемин курчуткан. Мындан кийин дагы 2 жыл "Лрагир" аттуу жеке гезитин негиздеп, оппозициялык "Айкакан жаманак" гезитинде башкы редакторлук кылган. Ошол учурларда болочок саясатчы курч, сынчыл макалалары менен коомчулукка таанылган. 2008-жылкы президенттик шайлоодо өлкөнүн биринчи президенти болгон Левон Тер-Петросяндын үгүт иштерине жардам берген. Шайлоодо Серж Саргсян жеңип чыккан соң добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы Ереванда чоң митингдер башталат. Шайлоого карата Пашинян "бул шайлоо эмес, бул - кылмыш" деп баа берип, элди мыйзамсыздыкка каршы турууга чакырган. Ошол окуядан кийин ал "башаламандыкты уюштурган" деген жүйө менен кармалып, 2010-жылы 7 жылга эркинен ажыратылган. Мунапыска ылайык жаза мөөнөтү кыскартылган Пашинян бир жылдан кийин эркиндикке чыккан. 2012-2017-жылдардагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, оппозициячыл депутат катары таанылган.

Жеке жашоосу түзөтүү

Никол Пашиняндын жубайынын ысымы - Анна Акопян. Ал учурда "Айкакан жаманак" гезитинин башкы редактору. Экөөнүн ортосунда 4 баласы бар: бир уул жана үч кыз. Аялы менен уулу Пашинян уюштурган митингдерге активдүү катышып келет. Үй-бүлөлүк бизнесин Анна Акопян жүргүзөт. 2017-жылы Пашинян 16,5 миң доллар киреше тапкан. Депутаттык кирешеси анын жетиден 1 бөлүгүн гана түзөт.