Никотин-Сульфат
Никотин-Сульфат - күкүрт кычкыл никотин тузунун суудагы эритиндиси, (CioHi4N2) 2H2SO4.
Саргыч, кочкул же кара кочкул тамеки жыттуу май сымал суюктук. Сууда жана орг. эриткичтерде жакшы эрийт.Никотин-Сульфат — контакттуу таасир берүүчү инсектицид.
Соруучу (бит, бүргө, курт ж. б.) жана айрым кемирүүчү (капуста күбөсү, алма күбөсү, таарыгыч курттар ж. б.) курт-кумурскаларга каршы 0,15—0,3%түү суудагы эритиндиси самый аралаштырылып өсүмдүккө чачылат. Эгинге дары чачуу түшүм жыйноого 20 күн калганда токтотулат. Адам м-н жаныбарларга абдан уулуу, ошондуктан аны колдонууда пестициддер менен иштөөдөгү коопсуздук техникасын сактоо зарыл.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.