Николаc Киң Нолти (англ. Nick Nolte;1941-жылы 8-февралда туулган) — америкалык актер жана мурдагы модель. Ал 1991-жылдагы "Куюлуштардын ханзаадасы" (англ. The Prince of Tides) тасмасы менен "Алтын глобустун" "Эң мыкты актер — драма тасмасы" наамын жеңип алган жана "Оскардын" "Эң мыкты актер" номинациясына көрсөтүлгөн. Ал "Кайгыруу" (англ. Affliction, 1998) жана "Согушкер" (англ. Warrior, 2011) тасмаларындагы ролу үчүн "Оскар" сыйлыктарына кайрадан көрсөтүлгөн. Ал "Тереңдик" (англ. The Deep, 1977), "48 саат" (англ. 48 Hrs., 1982), "Беверли Хиллстеги жокчулук" (англ. Down and Out in Beverly Hills, 1986), "Кийинки 48 саат" (англ. Another 48 Hrs., 1990), "Бардыгы утат" (англ. Everybody Wins, 1990), "Коркунучтун тумшугу" (англ. Cape Fear, 1991), "Лоренсонун мунайы (англ. Lorenzo's Oil, 1992), "Ичке кызыл сызык" (англ. The Thin Red Line, 1998), "Жакшы ууру" (англ. The Good Thief, 2002), "Халк" (англ. Hulk, 2003), "Руанда мейманканасы" (англ. Hotel Rwanda, 2004), "Тропикалык күркүрөө" (англ. Tropic Thunder, 2008), "Токойдогу сейилдөө" (англ. A Walk in the Woods, 2015) жана "Сандырак 6" (англ. The Ridiculous 6, 2015) тасмаларында да тартылган. Ошондой эле ал "Бейиттер" (англ. Graves, 2016-азыркы күнгө чейин) телесериалындагы образы үчүн "Алтын глобустун" "Эң мыкты актер — телесериал мюзикл же комедия" номинациясына көрсөтүлгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү