Нильс Хенрик Давид Бор (7. 10. 1885, Копенгаген — 18. 11. 1962, ошол эле жер) — Даниялык физиги. Атомдун биринчи квант теориясын түзгөн жана кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. "Нобель" сыйлыгынын лауреаты (1922). Атомдун биринчи квант теориясын түзгөн жана кванттык механиканын негизин иштеп чыгууга катышкан. Бор атом ядросунун жана ядролук реакция теориясынын өсүшүнө чоң салым киргизген.

Нильс Бор (1922).

1908-ж. Копенгаген университетин бүтүп, бул жерде өзүнүн биринчи илимий иши суюктуктун термелүүсүн жана металлдын классикалык электрон теориясын изилдөөнү жүргүзгөн. 1916-ж. Копенгагенде теориялык Физикалык кафедрасынын башчысы, 1920-жылдан өмүрүнүн аягына чейин ошол шаарда өзү уюштурган Теориялык Физикалык институтун жетектеген болгон. Фашизмге Каршылык көрсөтүү уюму 1943-ж. Борду Даниядан Швецияга, андан АКШга жөнөткөн, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкө кошулган. Ал жерде Бор атом бомбасын жасоого катышкан. Согуштан кийин Данияга келип, атом куралынын колдонулушуна каршы күрөшкөн. Ал 1913-ж. атом теориясын иштеп чыгып, классикалык электродинами-канын закондору менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон атомдун планеталык структурасын түшүндүрүү аракетинде өзүнүн постулаттарын түзгөн. Ядролук реакцияныя болуп өтүү мүнөзүн аныктап, 1939-ж. Ж. А. Уилер менен бирдикте ядронун бөлүнүү теориясын өркүндөткөн. Бор физиктердин чоң мектебин түзүп, бүт дүйнөдөгү физиктердин байланышын өнүктүргөн. СССРге бир нече жолу келген. Бор чет өлкөлөрдүн илимий коомдорунун жана СССР ИАнын чет өлкөлүк мүчөсү (1929). Нобель сыйл. лауреаты (1922).
Эмгектери: Прохожденпе атомных частиц через вещество. М., 1950; Атомная физика и человеческое познание. М., 1962.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү