Нинжа (англ. ninja, жап. 忍者 же шиноби, 忍 び) - феодалдык Жапониядагы жашырын агент же жалданма адам. Нинжанын милдетине тыңчылык, саботаж, инфильтрация, атайын чыккынчылык кылуулар жана партизандык согуш кирет. Нинжалардын иретсиз күрөшүүлөрүнүн ыкмалары кыянатчыл табылып, күрөшүүлөрдүн абийирдүү эрежелерин сактаган самурайлардын кастасына ылайыксыз болгон. Атайын үйрөтүлгөн тыңчылардын тобу, шинобилер Сенгоку доорунда, 15-кылымда пайда болгон, бирок алардын тектер балким XIV же XII кылымдарда да бар болгон (Хэйан доору же Камакура доордун башталышы).

Нинжа (1874).

Тынчсыз Сенгоку доорунда (XV-XVII кылымдар) жалданма адамдар жана тыңчылар жалдоо Ига тармагында жана Кега кыштагынын жакынкы аралык аймактарында, популярдуу болгон. Жапониянын Токугава сегунатына (17-кылым) бириккенинен улам нинжалар жок болуп кеткен. Кытай аскердиг философиясында негизделегн шиноби эрежелери 17чи жана 18-кылымдарда жазылган, а эң биринчи эрежелердин жыйнагы "Бансэнсюкай" (англ. Bansenshukai, 1976) болуп саналат.

Мэйдзи Реставрациясы учурунда (1868) шиноби Жапониянын популярдуу элертетилген жана сырдуу темаларына айланган. Заматта жок болуп калуу, суу үстүндө басуу жана жаратылыштын күчтөрүн башкаруу сыяктуу укмуштуу жөндөмдүүлүктөргө ээ болгон инжалар уламыштарда жана элдик оозеки чыгармаларда маанилүү орун ээлеген. Натыйжада, нинжалардын заманбап маданиятта бар болушу Сенгоку доорундагы тыңчылардан эмес уламыш жана элдик оозеки чыгармаларынан келип чыккан.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү