Нинжа таш бакалар (телесериал, 2003)

"Нинжа таш бакалар" (англ. Teenage Mutant Ninja Turtles) - ушул эле аталыштагы комикс китебинин каармандарына негизделген америкалык мультсериал. Мультсериалдын окуялары негизинен Нү-Йорк шаарында орун алган. Мультсериал 2003-жылдын 8-февралында экрандарга чыгып, Улуу Британия, Ирландия жана Австралияда 2010-жылдын 27-мартына чейин, ал эми АКШ менен Канадада 2005-жылдын 2-августуна чейин көрсөтүлгөн. "Нинжа таш бакалар" мультсериалынын кайрадан көрсөтүүсү Fox каналынын ишемби күнү чыккан балдарга арналган таңкы мультфильмдердин Fox Box (кийинчирээк 4Kids TV катары таанымал) телеалпаруусунда чыккан.

2003-жылкы "Нинжа таш бакалар" мультсериалы 4Kids Entertainment жана мультсериалдын кош-ээси болгон Mirage Studios студиясы жетектеген, ал эми анимациясына Dong Woo Animation жоопту болгон. 4Kids телеканалдын Fox компаниясы менен келишими соңуна чыкканда мультсериалдын акыркы сезону CW каналында көрсөтүлгөн. Учурда Nickelodeon "Нинжа таш бакалар" мультсериалдын баардык укуктарына ээ. Nickelodeon мультсериалды кээ бир учурларда өз каналында көрсөтүп, адатынча Nicktoons каналында "Нинжа таш бакалар" марафону учурунда көрсөткөн.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү