Ницца
Ницца – Франциянын түштүк-чыгышындагы порт шаар. Жер Ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан. Деңиз жээги Альп департаментинин административдик борбору. Калкы 331,0 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Климаттык курорт. Күнөстүү Жээк (Ривьера) курорт зонасындагы туризмдин борбору. Жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Гүл өстүрүүчүлүк өнүккөн. Университет бар. Көркөм сүрөт, француз сүрөтчүлөр А. Метисстин жана М. Щагалдын музейлери бар.

Цветочный парад
түзөтүүДагы караңыз
түзөтүү- Ниццадагы террордук чабуул (2016)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7