Ниязалиев Шайлообай Мамасалиевич
Ниязалиев Шайлообай Мамасалиевич (1938-ж. т., Токтогул рну, Бешташ айылы) - философия илимдеринин доктору (1990), профессор (1992). КМУну бүткөн (1965).
- 1965-68-ж. Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу,
- 1971-87-ж. Фрунзе политехникалык институтунда доцент,
- 198789-ж. Ленинград мамлекеттик университетинде улук илимий кызматкер,
- 1989-92-ж. Бишкек политехникалык жана Кыргыз архитектура-курулуш институттарында профессор болуп иштеген.
- 1993-жылдан Жалал-Абад мамлекеттик университетинде философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, профессор.
- Бир нече илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография, илимийусулдук китепчелер) автору. Кыргыз Республикасынын элге билим берүү отличниги."
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5