Нобелий (латын тилинен Nobelium, No) — Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи, актиноиддерге кирет, к. н. 102, ат. м. 259. Туруктуу изотобу жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Жер кыртышында, метеориттерде, күндө жана космостук нурларда табылган эмес. 250No –259No массалык сандарга ээ болгон 10 изотобу белгилүү. Эң узак жашаган 259No (Т1/2 =1,0 сек). Н. иттербий аналогу болуп эсептелет. Мүнөздүү окистенүү даражасы +3, бирок +2 окистенүү даражасы да эң маанилүү. Н. массалык санда алынган эмес. Анын касиеттерин ондогон атомдорун пайдалануу менен изилдешкен. Газдык хроматография ыкмасынын жардамы менен Н. учпай турган хлоридди пайда кылаары аныкталган. Кычкыл эритмелерде Н. No2+ иону түрүндө болуп, BaSO4 менен чөгөт, бирок LaF3 чөкмөсү пайда болсо, анда ал эритмеде кала берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү