Новатордук (лат.— жаңылапып туруучу) же жаңычылык. Адабият жана искусстводогу новатордук сөз чеберлеринин окурмандын өсүп бара жаткан талабына ылайык келген, жалпы эле ошол элдин көркөм процессине кошулган мазмун жана формалык жактан жаратылган жаңылыгы, көркөм ачылышы, табылгасы менен түшүндүрүлөт. Жаңычылык мурдагы адабий салттарды танып, жокко чыгарбайт, тескерисинче, ага таянат, жаңы шартка ылайык өздөштүрөт. Новатордук түшүнугү жеке жазуучунун же жеке бир конкреттүү мезгилдеги адабияттын өнүгүшү менен тыгыз байланышта каралат. Кыргыз совет адабиятын биз новатор адабият дейбиз, анткени анын алдыңкы өкүлдөрү, биринчиден, турмуш көрүнүштөрүн терең өздөштүрүштү жана чыгармалары үчүн. бул нерсени баалуу булак кылып пайдаланышты, экинчиден, элдик оозеки чыгармачылыктын жана элдик ырчылардын ыр, поэмаларынын салттарын, учүнчүдөн, советтик жана дүйнөлүк адабияттардын, боордош элдердин адабияттарынын прогрессивдүү жактарын өздөштүрүштү жана өздөрүнүн жекече жаңы табылгаларын кошушту. Кыргыз поэзиясын Ж. Турусбеков саясий-публицистикалык ыр-поэмалары, ыр түзүлүшүндөгү жаңычылыктары менен байытса, А. Осмонов философиялык ойлору терең, конкреттүү жана романтикалуу стили менен андан ары поэзиябыздын диапозонун кеңитти. С. Эралиев болсо эркин ыр формасынын кыргыз поэзиясында биротоло жашап калышын өз изденүүлөрү менен далилдеп берди, албетте, булар алардын новатордугун белгилөөчү шарттар. Ошону менен бирге А. Токомбаев, М. Элебаев, Ж.Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, Т. Үмөталиев, М. Алыбаев, С. Эралиев өңдүү акындардын ар биринин өз-өзүнчө кыргыз совет поэзиясына кошкон жаңы табылгалары, новатордук аракеттери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү