«НОВАЯ ЖИЗНЬ» КОММУНАСЫ – 1919-жылы 6-январда Кыргызстандын аймагында уюшулган алгачкы айыл чарба коммунасы. «Новая жизнь» коммунасы адегенде Пишпек шаарында уезддик партиялык уюмдун төрагасы А. И. Иваницындын демилгеси менен айыл чарба бирикмеси катары уюштурулуп, 1919-жылы жазында Пржевальск уездине көчүрүлгөн. «Новая жизнь» коммунасы мамлекеттин жардамы менен тез өнүгүп, жергиликтүү дыйкандарды коллективдүү чарбага тартууда маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.