Новиков-Прибой (чын фамилиясы — Новиков) Алексей Силыч [12(24). 3. 1877, Тамбов губ-ндагы Матвеев кыш., азыркы Рязань обл.. Сасов району — 29. 4. 1944, Москва] — орус совет жазуучусу.

  • Дыйкан үй-бүлөсүнөн.
  • 18991906-ж. Балтика флотунда матрос болуп кызмат өтөгөн. Орус-япон согушунда (190405) Цу­сима салгылашына катышкан.
  • Чыгаралары 1906-жылдан жарыяланат.
  • Туңгуч аңгеме жыйнагы («Деңиз аңгемелери») 1917-ж. жарык көргөн. Революциялык иши үчүн кысымга алынып, эмиграцияда жашаган (190713).
  • Чыгармачылыгын орус реалисттик адабиятынын нугу менен өөрчүткөн.
  • Кийин М. Горькийдин да таасири тийген. Мыкты чыгармасы — «Цусима» (1—2- бөл., 193235; 4-редакциясы — 1940, СССР мамл. сыйл., 1941). Мында орус моряктарынын, прогрессчил сфпцерлердин баатырдык иштерин баяндап, калың элдин рев-ячыл аң-сезиминин калыптанышын көрсөтөт, падыша флотундагы командачыларлын жоопкерсиздигин ашкерелейт.
  • Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде душманга каршы калеми менен күрөшүп, сов. флот жөнүндө очерктер, макалалар жазган, «1-рангадагы капитан» аттуу роман баштан, анын 1—2-бөлүгүн (194244) бүтүргөн.
  • Айрымчыглдары чет, СССР элдеринин тилдерине (кыргыз тилине да) которулган. Эм­гек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.