Новороссийск
Новороссийск – Россиядагы баатыр-шаар. Краснодар крайында. Кара деңиздин тоңбогон Цемес колтугунун боюндагы порточо Калкы 229,0 миң (2010). Темир жол. бекети. Цемент, машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш–татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Мамлекеттик деңиз академиясы, тарыхый-край таануу музейи бар. Шаар 1838-жылы негизделген. Улуу Ата Мекендик согушта немистик фашисттер мененайыгышкан катуу салгылаш болгон. Мысхако тумшугу («Кичи Жер») аймагында мемориал ансамбль тургузулган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7