Ногоева Саадат атындагы №2 орто мектеп

№2 Саадат Ногоева атныдагы мектеп - Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунунда жайгашкан.

Мектеп 1975-жылы Майлы-Суудагы механизациялаштырылган көчмө бирикменин усталары тарабынан Сорокин П.А. жетектеген колхоздун каражаттарына 640 орунга ылайыкталып курулган.
Ошол мезгилде мектеп № 8 «Москва» орто мектеби деп аталган.
2002-жылы 1-сентябрда мектепке Саадат Ногоеванын ысмы ыйгарылды.
2001-2002 окуу жылынын билим берүү жана башка көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча мектеп областта III орунга, райондо I орунга ээ болду.

1995-жылы биздин мектеп «Кыргызстан-Сорос» фондуна пилоттук мектеп катарында кошулду. «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан компьютерлер, магнитофондор, телевизор жана ар түркүн китептер берилди. Мугалимдер семинарларга барып, өз билимдерин өркүндөтүштү. Окуучулар үчүн шайлоо системасы киргизилип, депутаттарды, президентти өздөрү шайлашты. Окуучулар өз мамлекетин СУВИН деп аташкан. Мектепте англис тили, орус тили, өзбек тили, математика тереңдетип окутулган.
«Кыргызстан-Сорос» фонду жана «Тынчтык» корпусунун жардамы менен Шамаматова Г. Д. - Шотландияга, Жумалиева А. К. - Венгрияга, Турдумбетова Р. С., Арзиева Г. К. - Америка Кошмо Штаттарына барып, өз билимдерин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Азыркы мезгилде Айрекс администрациялык кылган Америка мамлекттик департаменти каржылаган “Билим берүүдөгү заманбап технологиялар” программасы менен иштеп, мугалимдер жана окуучулар үчүн акысыз интернет менен иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Мектептин жетекчилери:
Мектепке директор болуп Артыкбаева Зулайка дайындалган.
1979-жылы - Абдуразаков Р., 1980- жылы - Сирожидинов, 1981-жылы - Рыскулова В.К. дайындалып директорлор алмашып турушту.
1982-жылы Цой Р.А. директор болуп дайындалды. Рудольф Андреевич аракетчил, акылдуу, уюштургуч болгондуктан мектепте көп өзгөрүүлөр болду.
1990-жылы мектеп директору болуп Эгембердиев К.Т. дайындалды.
1993-жылы Турдумбетова Рымтай Сейтахметовна дайындалды.