Нозематозаары жана жибек куртунун жугуштуу ылаңы. Аарынын ылаңын Nosema apis, ал эми жибек куртунда Nosema bombycis Nag митеси козгойт. Аарынын негизинен ортонку ичегисинин эпителий клеткалары ылаңга чалдыгат, ал жерде нозема мителеп, татаал өсүп-өнүгүү циклинен өтөт. Митенин ээси – бакма жанажапайы аары. Аарынын денесинен споралар сыртка бөлүнүп чыгып, балды, перганы, сотаны булгайт. Соо аарыга алиментардык жол менен (ооз аркылуу) жугат. Ылаңга чалдыккан аары кескин начарлайт, алыска кетпей бал челектин тегерегинде араң жөргөлөйт, кээ биринин курсагы көөп кетет. Бал челектеги жумушчу аарылар кызматын аткарбай, эне аарылар жумуртка тууганын токтотот, тез эле өлөт. Ылаң кээде тымызын формада өтөт. Нозематозду дарылоодо фумагиллин (фумагиллин ДЦГ, фумидил Б) колдонулат. Алдын алууда аарыны жанажибек куртун туура азыктандыруу жана кышка жакшы камдоонун мааниси чоң. Бал челек жана рамкаларды тазалаган соң формальдегиддин 4%түү эритмеси менендезинфекциялоо максатка ылайык.

Колдонулган адабияттар түзөтүү