Нокдаун (англиялык knock-down) – боксёрдун муштум жегенден кийин кармаша албай калган абалы. 10 секга чейин мелдешти улантса, нокдаун эсептелинип, аны муштаган каршылашына бир упай жазылат. Нокдаундан кийин жыгылбастан, убактылуу мушташуудан чыгып калса, «грогги» абалында деп айтылат. Кээде боксёр көп жолу сокку алып, эки үч жолу катары менен нокдаун же грогги абалына учураса, анын жандоочусу же машыктыргычы сүлгүнү ыргытып жиберип, спортчуну нокауттан сактап калат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү