Ноктюрн (француз nocturnes – түнкү) – музыкалык чыгармалардын түрү. 18–19-кылымдын башында кассацияга жанааспаптык серенадага жакын дивертисмент түрү. Ноктюрн деп аталган көп бөлүктүү чыгарма катары үйлөмө жанакылдуу аспаптар үчүн жазылып, адатта түнкү бейкутчулук маалда сыртта аткарылган. Элегиялык маанайдагы ноктюрнду Ж. Филд жазган. Композитор Ф. Шопен 21 Н. жазып, мазмундуу табылгалары мененжанрды өркүндөткөн. Ноктюрнга Р. Шуман, И. Гуммель, К. Дебюсси, М. Регер жана башка кайрылышкан. Орус музыкасында Н-дун үлгүлөрүн М. Глинка, А. Бородин, А. Скрябин жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү