Номерлөө (лат. numeratio — саноо), эсептөө
- 1) сандарды катар белгилөө жанa ат коюу ыкмаларынын жыйындысы (эсептөө, сандар);
- 2) ырааттуу жайгашкан буюмдардын цифра менен белгилениши. Китептердин, кол жазмалардын беттерин Номерлөө пагинация деп да аталат.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.