Нормалдуу илим ― Т. Кундун «Илимий революциялардын структурасы» аттуу китебиндеги илимий коомчулукта парадигма деп аталган кандайдыр бир ченемге ылайык ишмердүүлүгүн белгилеген негизги терминдердин бири.

Нормалдуу илимин табиятын ар түрдүү концептуалдык, инструменталдык жана математикалык маселелер менен баш катырмаларды берү жана чечүү түзөт. Парадигма көйгөйдү тандоону да, кабыл алынган чечимдердин мүнөзүн да өтө так мүнөздө жөнгө салат. Кундун пикири боюнча Нормалдуу илимдин чыгармачыл өңүтү өтө так парадигмалар менен чектелген. Парадигмалардын концептуалдык негиздери мындай чектөөлөргө баш ийбейт да, билимдердин теориялык мазмунунун сапатын эмес, алардын санынын өсүшүн гана шарттайт. Ошондуктан Кун Нормалдуу илимди «жогорку деңгээдеги кумулятивдик түшүнүк» деп атаган.

Парадигма чечимге ээ көйгөйлөрдү тандоо үчүн критерийди камсыз кылгандыктан, Нормалдуу илим парадигмадан «сырткары» тажрыйбанын негизинде алынган билимдерди четке кагат. Ошондой болсо да Нормалдуу илимде парадигмалардын туруктуулугун бузган жана аларды кризиске учураткан «аномалдуу фактылар» да болот. Бул фактылар кандай жол менен парадигмага таасир этээри анык эмес. Ошондуктан мындай фактылардын болушу Нормалдуу илимдин өтө так кумулятивдик мүнөзү тууралуу маселеден күмөн саноону пайда кылат.

Нормалдуу илим түшүнүгү батышта кеңири тараган илимдин философиясы деп аталган агым тарабынан катуу сынга алынган.

Булактар

түзөтүү