Нормалдуу потенциал
Нормалдуу потенциал (стандарттык потенциал) — электроддук реакцияга катышкан заттардын стандарттык абалында электрод менен эритменин ортосундагы потенциалдын тең салмактуу айырмасын мүнөздөөчү физ.-хим. чоңдук.
- Электрод менен эритменин ортосундагы потенциалдардын абс. маанилерин ченөө кыйын болгондуктан ар түрдүү электроддордун потенциалдарын өз ара сан жагынан мүнөздөө үчүн потенциалы нөлгө барабар болгон нормалдуу суутек электроду алынат. Мына ушул суутек электродуна салыштырып алынган электроддор терс заряддуу жанa оң заряддуу болушат.
- Бардык электроддук реакциялар ар дайым кычкылдануу жанa калыбына келүү реакцияларына негизделинет.
Колдонулган адабияттар =
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.