Норманндардын Англияны каратуусу (1066)
Норманндардын Англияны каратуусу (1066) – Нормандия герцогу Вильгельм башкарган норманн феодалдарынын Англияга басып кириши. 1066-жылы англ-сакс королу Эдуард Исповедник өлгөн соң, Вильгельм ал менин тууганым болчу, такка мен олтурушум керек деген доомат менен 28-сентябрда аскерлерин Англиянын түштүгүнө түшүргөн. 14-октябрда Гастингске жакын жердеги салгылашта Вильгельм англ-сакстардын жаңы королу Гарольддун (ушул салгылашта курман болгон) аскерлерин талкалап, 25-декабрда англ-сакс тактысына олтурган. Мындан кийин Англиядагы бардык жер королдун менчигине айландырылып, ал феодалдарга королдун уруксаты боюнча гана пайдаланууга берилген. Бардык жердин болжол менен1/7 бөлүгү королдун карамагында калтырылган. Эркин дыйкандар сеньор бийлигине биротоло баш ийдирилип, жерден пайдаланган дыйкандардын көпчүлүгү крепостной абалга кириптер болгон. Бул жеңип алуу Англияда англ-сакстар мезгилинде башталган феодалдашуу процессинин аякташына өбөлгө түзгөн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7