Норузбаева Кишимжан 1950-жылы азыркы Сузак районуна караштуу Көк-Кыя айылында туулган.

  • 1967- жылы Октябрь кыштагындагы У. Абдукаимов атындагы орто мектебин аяктайт.
  • Ошол эле жылы Фрунзедеги Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун дарылоо факультетине тапшырып,
  • 1973- жылы ийгиликтүү бүтүрүп чыгат.
  • Эмгек жолун 1973-жылы Фрунзедеги №2-поликлиникада врач-терапевт болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1986-жылдан 1992-жылгачейинстуденттердин поликлиникасында башкы врачтын орун басары болуп иштеген.
  • 1992-жылдан ушул кезге чейин, Медико -Социалдык Эксперттик Комиссиясынын төрайымы болуп эмгектенип келет.
  • Жогорку категориядагы врач.
  • Талыбаган, үзүрлүү эмгегинин акыбети кайтып, 1998- жылы “Саламаттыкты Сактоонун Отличниги” наамын алган.
  • Андан сырткары, Министрликтин ардак грамотасы, шаардык мэриянын көптөгөн ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3