Нота – музыка жазууда колдонулуучу графикалык шарттуу белги. Нота жазуу байыртан эле белгилүү. Байыркы Грекияда добуштун бийиктигин жанасозулушун туюндурган тамга системасы болгон, бирок ал 10-кылымга чейин колдонулуп, латын тамгасы мененалмашылган. Орто кылымдарда сызыкча, үтүр, чекит сымал белгилер (невмалар) колдонулуп, тексттин үстүнө коюлган. 11-кылымда музыка теоретиги Гвидо д’Ареццо (Италия) азыркы нота станынын прототиби болгон төрт сызыктуу системаны киргизген. Кийин сызык бешке жеткирилип, невмалар нота менен алмашылган. Добуштун созулушуна жараша нота бир нечеге бөлүнөт (1-сүрөт). Нота жазылуучу туура сызылган сызык музыкада нота станы (сызыктары) деп аталат да, төмөндөн жогору саналат. Ноталар 7 ат менен аталып, алар скрипка ачкычында төмөнкүчө жазылат: (үн катары, 2-сүрөттө) практикада ар түрдүү бийиктеги добуштар көп болгондуктан, негизгиден тышкары кыска кошумча сызыктар колдонулат да, саны бештен ашпайт. Мында негизги сызыктын үстүндөгү кошумча сызыктар төмөндөн жогору карай саналып, бийик добушту, астындагы кошумча сызыктар жогорудан төмөн саналып, төмөнкү добушту жазуу колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү