Нуклеоид (лат. nucleus - ядро жанагр. eidos - түр) - клетканын борборунда жайгашкан мембраналар менен чектелбеген, прокариот клеткаларынын ДНК-кармоочу зонасы. Н. гистондор менен туташпаган жана клеткалык мембрананын ички капталынын бир чекитине бекитилген ДНКнын бир татаал шакек түрүндөгү молекуласы. Н-дин бөлүнүшү ДНКнын жипчелеринин репликациясы аяктагандан кийин жүрөт, ал эми жаш Н-дин ажырашы клетка мембранасынын өсүшү менен камсыз болот. Кээде Н-ди бактериялык хромосома деп аташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү