Нуллификация (лат. nullius – эч кандай жана...фикация) – документтин юридикалык күчүн жоготушу; баасы төмөндөп, кунсуз болуп калган кагаз акчаны мамлекеттин жараксыз деп жарыялашы. Ал олуттуу инфляция, гиперинфляция учурунда, улуттук валютага болгон ишенимди кайтаруу үчүн жүргүзүлөт. Нуллификация – өлкөдөгү улуттук валютанын айланышынын туруктуулугун орнотууну көздөгөн акча реформасы. Ошондой эле кунсуз акчаны жаңысына төмөнкү курс мененалмаштырылган девальвация менендал келет. Алсак, 1924-жылы Германиянын жаңы чыгарылган 1 маркасы 1 триллион эски маркага алмаштырылган. Кыргызстанда нуллификацияга окшош процесс 1993-жылы СССР кездеги рублды улуттук валютага (сомго) алмаштырууда болгон. Анда 1 сомго СССРдин 200 рубли алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү