Нур - геометраялык оптика (жарык нуру) менен геом. акустикадагы (үн нуру) жарыктын же үндүн чекит булагынан белгилүү багытка таралыгын туюнтуучу түшүнүк.

Бир тектүү чөйрөдө Нур түз таралат; оптикалык (же акустикалык) касиеттери акырындык менен өзгөрүүчү чөйрөдө ийриленет. Анын ийрилиги чөйрөнүн сындыруу көрсөткүчторүнө пропорциялаш. «Нур» термини бөлүкчөлөрдүн ичке агымын белгилөөдө да колдонулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.