Нура мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз.13,8 км, аянты 54,2 км2. Кызылсуунун (чыгыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгели. 6340 м, этеги 3520 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4550 м, абляцияоблусунун аянты 19,8 км2. Өрөөн тибиндеги бир нече мөңгүнүн биригишинен түзүлөт. Негизги өзөгү тоонун кырына жарыш чыгышка карай жатат. Ири салаасы кошулгандан кийин кыска «тили» түндүккө карай чукул бурулуп, тике аяктайт. Мөңгүдөн Нура суусу (Кызылсуунун оң куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү