Нургазиев Рысбек Зарылдыкович

Нургазиев Рысбек Зарылдыкович

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Нургазиев Рысбек Зарылдыкович 1961–жылы Нарын областынын Тянь-Шань районунда төрөлгөн. Улуту – кыргыз.

  • 1978 – 1983-жж. К.И.Скрябин атындагы Москва ветеринария академиясын (артыкчылык диплому менен) аяктаган.
  • 1983 – 1985-ж.ж. Тянь – Шань районундагы “Коммунизм” колхозунун башкы ветеринардык врачы болуп иштеген.
  • 1985 – 1989-жж. К.И.Скрябин атындагы Москва ветеринария академиясынын, күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1989 – жылы кандидаттык илимий диссертацияны коргогон.
  • 1989 – 1990 – жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун эпизоотология, микробиология жана паразитология кафедрасынын ассистенти.
  • 1990 – 1997 – жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун доценти.
  • 1993 – жылы “доцент” окумуштуулук наамы берилген.
  • 1993 – 1994 – жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык медицина факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген.
  • 1994 – 1996 – жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринардык медицина факультетинин деканы болуп иштеген.
  • 1997 – жылы доктордук диссертациясын коргогон.
  • 1997 – 1998 – жж. Кыргыз агрардык академиясынын билим берүү башкармасынын начальниги болуп эмгектенген.
  • 1998 – 2000 – жж. Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина факультетинин деканы.
  • 1999 – жылы “профессор” окумуштуулук наамы берилген.
  • 2000 – 2002 – жж. Кыргыз агрардык академиясынын ветеринардык медицина факультетинин жугуштуу жана инвазиялык ылаңдар кафедрасынын профессору.
  • 2002 – 2008 – жж. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору болуп иштеген.
  • 2008 – 2010 – жж. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институнун директору болуп иштеген.
  • 2010 – жылы КР Улуттук илимдер академиясынын корреспондент - мүчөсү болуп шайланган.
  • КР Президентинин 2010 – жылдын 29 – декабрындагы №368 Жарлыгы менен К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп дайындалган;
  • КР Премьер – министринин 2016 – жылдын 9 – февралындагы №75 буйругу менен жаңы мөөнөткө шайлангандыгына байланыштуу К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору болуп дайындалган.

Илимий ишмердиги: түзөтүү

  • “Айыл чарба малдарынын өзгөчө коркунучтуу вирустук ылаңдарын диагностикалоонун серологиялык жана молекулярдык – биологиялык методдорун иштеп чыгуу жана өркүндөтүү” илимий темасынын жетекчиси;
  • “Жылкынын ылаңдарынын эпизотологиялык мониторинги жана аларга каршы күрөшүүнүн чараларын иштеп чыгуу” илимий темасынын аткаруучусу;
  • ПЦР ыкмасы менен изилдөөнүн натыйжасында патологиялык материалда жугуштуу культурадан I типтеги ВГЛ – 1 жылкыларынын герпес вирусунан оң натыйжа алынган;
  • Шериктеш өлкөлөрдүн агрардык ЖОЖдорунун ректорлор Кеңешинин мүчөсү;
  • Ведомстволор аралык диссертациялык Кеңештин төрагасы;
  • МНТЦ эксперттик Кеңештин мүчөсү;
  • УИА нын химия – технологиялык, медико – биологиялык жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн төрагасынын орун басары.

Негизги илимий–методикалык эмгектери: түзөтүү

306 илимий иштердин, анын ичинен 2 монографиянын: “Малдын аденовирустук инфекциясы” – 1997 – жылы, “ДНК кармаган вирустардын биологиясы” – 2003 – жылы чыккан жана 7 китептин автору:

  • Ветеринардык патология боюнча сөздүк – справочник – 2008-ж;
  • Сүт багытындагы малдын селекциясын божомолдоо жана тездетүү – 2009-ж;
  • Жаныбарлардын вирустук ылаңдары – 2011-ж;
  • Микробиологиялуу эпизоотология – 2012-ж;
  • Айыл чарба малдарынын өзгөчө коркунучтуу жана социалдык маанилүү ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча инструкциялардын жыйындысы – 2013 – ж;
  • Азык түлүк коопсуздугу жана тамактануу – 2015 – ж.

Мындан тышкары 23 усулдук сунуштар, вакциналык препараттардын биотехнологиясы боюнча 8 илимий иштеп чыгуулар ойлоп табуу катары таанылып патент берилген.Айыл чарба малдарынын шарп, күл жана сальмонеллез ылаңдарына каршы вакциналык дарылардын, айкөл эт – май багытындагы койлордун авторлорунун бири.

Сыйлыктары. Наамдары: түзөтүү

  • 2004 – ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын агрардык элитасы” сыйлыгы.
  • 2009 – ж. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
  • 2016 – ж. "КР нын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты".
  • 2019 – ж. Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

Проф. Р.З.Нургазиевдин илимий жетекчилиги менен корголгон докторлук диссертациялар:

Профессор Р.З.Нургазиевдин илимий жетекчилиги менен 5 докторлук, 16 кандидаттык илимий диссертация жакталган. Азыркы учурда 1 докторанттын жана илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын алууга 9 талапкердин илимий жетекчиси.

  1. Абдыкеримов К.А. д.в.н. «Козулардын колибактериозу менен сальмонеллезун атайын алдын алуусунун теориялык жана», 2006.
  2. Джапаралиев Н.Т. д.в.н. «Кой жана эчкилердин чечек ылаӊынын диагностикалоонун заманбап ыкмаларын иштеп чыгуу жана спецификалык профилактикасы», 2011.
  3. Акматова Э.К. д.б.н. «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын кутурма ылаңынын молекулярдык эпизоотологиясы жана атайын алдын алуусу», 2013.
  4. Кошеметов Ж. д.б.н «Майда кепшоочо жаныбарлардын кыргыны: мониторинг жана диагностикалык каражаттарын иштет», 2016.
  5. Абдураимов Е.О. д.в.н «Кой-эчкилердин кара тумоо жана койдун катардуу калтыратма ыландарынын иммунопрофилактикасы жана вакциналарды даярдоо технологиялары», 2016.

Проф. Р.З.Нургазиевдин илимий жетекчилиги менен корголгон кандидаттык диссертациялар:

  1. Биримкулова А.Т. к.б.н «Бодо малдардын аденовирус жана хламидиоз ылаӊдарынын диагностикасы жана спецификалык профилактикасы», 1996.
  2. Усубалиев А. к.в.н. «Жылкылардын герпесвирус ылаӊынын диагностикасы жана эпизоотологиялык өзгөчөлүктөрү», 2003.
  3. Зиядинов И. к.в.н. «Ири мүйүздүү бодо малдын инфекциялык ринотрахеит ылаӊынын диагностикасы жана спецификалык профилактикасы», 2003.
  4. Акматова Э.К. к.б.н. «Респиратордук ооруларда иммунстимулдаштыруучу препараттарды сыноонун жыйынтыгы (эксперименталдык изилдөө)», 2006.
  5. Абдыкеримов Н.К к.в.н. «Ири мүйүздүү малдын төлүнүн парагрипп – 3 ылаӊы жана анын спецификалык профилактикасы», 2007.
  6. Узакбаев Т.М. к.в.н. «Бодо малдардын инфекциялык ринотрахеитинин эпизоотологиясы жана ага каршы күрөшүү чаралары», 2010.
  7. Султаналиев Н.К. к.в.н. «Шарптын О тибине каршы колдонулуучу активдуулугу төмөндөтүлгөн вакцинаны даярдоонун технологясын арттыруу», 2010.
  8. Крутская Е.Д. к.в.н. «Айыл – чарбамалдарынын шарпыланына карата эпизоотологиялык монитринги жана атайын алдын алуусу», 2011.
  9. Сааданов И.У к.в.н «Шарп ылаӊдаткычынын түрдүү малдардын арасында миграциясы жана өзгөчөлүк алдын алуу чаралары», 2012.
  10. Мамытова А.Т. к.б.н «Күл ылаӊынын серологиялык диагностикасы жана жергиликтүү штаммынан даярдалган вакциналык препаратты иштеп чыгаруу», 2013.
  11. Орозов Ж.Ч. к.б.н «Күл ылаӊын аныктоодо полимердик чынжыр реакциясын өздөштүрүү», 2013.
  12. Табынов К.К. к.в.н «Казахстан Республикасынын аймагында бөлүнүп чыккан канаттуулардын сасык тумоосунун жогорку патогендүү вирусунун изолятынын биологиялык жана физика-химиялык касиеттери», 2014.
  13. Чегиров С.Б. к.б.н «Молекулярдык-биологиялыкденгээлде Кыргызстандагы бруцелла мелитензиске жанан бруцелла абортускамүнздмберүү», 2015.
  14. Оторова А.А. к.б.н. «Койдун күл ылаңындагы вируска иммунобиологиялык мүнөздөмө берүү жана иммундук системанын органдарындагы морфологиялык өзгөрүүлөр», 2015.
  15. Толубаева М.Т. “Молекулярдык – биологиялык методдорду колдонуу аркылуу, ийри мүйүздүү малдын репиратордук вирустарынын мүнөздөмөсүн жана идентификациясын ачып көрсөтүү”, 2017.
  16. Боронбаева А.И. “А; О тибиндеги шарп ылыңынын вирусунун молекулярдык – генетикалык мүнөздөмөсү”, 2018.

Ал расмий оппонент болгон окумуштуулары: түзөтүү

  1. Кондибаева Ж. к.в.н. «Ауески ылаӊынын эпизоотиялык жагдайына анализ жүргүзүү жана ага каршыинактивацияланган вакцина даярдоонун технологиясын иштеп чыгуу», 2015.
  2. Абишов А.А. д.в.н. «Ача туяктуу малдын шарп ылаӊын алдын алуусу жана диагностикасы», 2016.