Нуржигит Кадырбеков -КР Жогорку Кеңешинин депутаты ,коомдук жана саясий ишмер ,акын ,жазуучу. Ал 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында төрөлгөн.

Нуржигит Кадырбеков
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
желек
желек
 
Дини: ислам
Туулган жери: Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: "Ыйман нуру"


Билими түзөтүү

Кара-Кулжа районундагы 1-Май айылында Алмаз Субанов атындагы мектепти аяктаган.

АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

Эмгек жолу түзөтүү

1999 – 2005 — Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген; 2001 – 2002 — Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис; 2002 – 2003 — Ош мамлекеттик университетинде юрист; 2004 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси; 05.2005 – 08.2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис; 08.2005 – 11.2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси; 2005 - 2007 — КР тышкы иштер министринин маалымат катчысы; 2009 – 2010 — КР президентинин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти; 02.2010 – 04.2010 — КР президентинин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти; 04.2011 – 08.2011 — Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу; 2012 – 2013 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси; 2013 – 2015 — КР президентинин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары; 02.2015 — 03.2019 — "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы; 2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; 2020-жылдын октябрынан тарта маданият, маалымат жана туризм министри; 2021-жылдын 29-декабрынан тарта Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.

Бир нече чет тилин билет.

Үй-бүлөлүү.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Колдонулган булактар түзөтүү