Нурлануу – 1) электр-магниттик нурлануу – электр заряддарынын өз ара аракеттенишүүсүнүн негизинде электр-магниттик талаанын пайда болуу процесси. Эркин электр-магниттик талаанын өзү да нурлануу деп аталат. Заряддалган бөлүкчөлөрдүн кыймылынын өзгөрүү себептерине жараша: токтомо нурлануу, синхротрондук нурлануу, Черенков Вавилов нурлануусу болуп бөлүнөт. Классикалык физикада нурлануу ылдамдатылган кыймылдагы электр заряддарынын электр-магнит толкундарын бөлүп чыгаруусунун жыйынтыгы деп эсептелсе, квант теориясында электр-магнит толкундарынын кванттарынын – фотондордун жыйындысы катары каралат. Атом жана башка атомдук системалар дүүлүккөн абалдан аз энергиялуу абалга өткөндө нур чыгарат. Ага атомдун диполдук нурлануусу, мультиполдук нурлануусу, аргасыз нурлануусу кирет; 2) үн нурлануусу – түрдүү үн нурланткычтардын жардамы менен үн талаасын түзүү. Нурланткыч менен түзүлгөн үн талаасы нурланткычтын формасына, анын термелишине жана термелүү жыштыгына жараша болот; 3) плазма нурлануусу – плазманы түзгөн бөлүкчөлөрдүн жекече же чогуу кыймылында пайда болгон электрмагнит толкундарынын энергиясынын агымы. Нурлануунун ургалдуулугу жана спектрдин курамы плазманын абалын чагылдырат, ошондуктан плазманын нурлануусу плазманы диагностикалоодо негизги ролду ойнойт; 4) тең салмактуу нурлануу – зат менен белгилүү температурада термодинамикалык тең салмактуулукта болгон электр-магнит нурлануусу. Көбүнчө абсолюттук кара нерсенин нурлануусу тең салмактуу нурлануу деп аталат; 5) ылдамдаткыч бөлүкчөлөрүнүн нурлануусу – ылдамдаткычтарда электр-магнит толкундарын заряддалган бөлүкчөлөр менен нурлантуу.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү