Нурманбетов Жакшылык - 1935-жылы Нарын облусу, Ат-Башы району Терек-Суу айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1954-1974 жылга чейин Ат-Башы райондорунун мектептеринде мугалим, 1974- жылдан 1981-жылга чейин мектептерде директор болуп иштеген. Март 1981-жылдан ноябрь 1997-жылга чейин № 32 кесиптик-лицейде директордун орун басары болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Агартуу ишиндеги көп жылдык эмгеги СССР Агартуу министрлигинин, Эмгек жана социялдык жактан коргоо Министрлигинин жана кесипчилик-техникалык билим берүү боюнча башкы башкармасынын бир катар “Ардак грамоталары” берилген. Иштеги ийгиликтер “1977-жылдагы Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү” белгиси менен белгиленген. 1970-жылы В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата “Эмгекти каармандыгы үчүн” медалы, 1984-жылы “Кыргыз ССРинин Ардактуу отличниги” значогу, 1986-жылы “Ветеран труда” медалы, 1995-жылы “50 лет Победы в Великой Отечественной Войне 1941-1945гг.” Юбилейлик медалы менен сыйланган.Төрт жолу Ат-Башы айылдык кеңешинин депутатттыгына шайланган. Агартуу ишиндеги көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып 14-октябрь 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилген. Декабрь 2000-жылдан “Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн” пенсияда. 2005-жылы Ат-Башы айылынын “Ардактуу адамы” наамын алган.