Нурсултан Назарбаев (аба майдан)

Нурсултан Назарбаев атындагы Эларалык Нур-Султан аба майданы - (каз. Нұрсұлтан Назарбаев Атындағы Халықаралық Астана Әуежайы) Казакстандагы эларалык аба майдан. Ал Нур-Султандын борборунан 14 км алыстыкта жайгашкан.

Нурсултан Назарбаев Эларалык Аба Майданы
каз. Нұрсұлтан Назарбаев Атындағы Халықаралық Астана Әуежайы
IATA: TSEICAO: UACC
TSE (Казакстан)
TSE
Аба Майдандын Казакстандагы жайгашуусу
Кыскача маалымат
Абалы Мамлекеттик
Өлкө  Казакстан
Ээси Эл Аралык Астана Аба Майданы ЖЧК
Оператору Malaysia Airports Holdings Bhd
Тейленүүчү шаар Нур-Султан
ДД бийиктиги 1,165 ft / 355 m
Координаттары 51°01′20″ с. ш. 071°28′01″ в. д.HGЯO
Сайты www.astanaairport.kz
Учуп-конуу тилкелери
Багыты Узундугу Төшөмү
ft m
04/22 11,484 3,500 Асфальт
Статистикасы (2007)
Жүргүнчү 1,170,919

Тарыхы түзөтүү

Аба майдан өз тарыхын 1931-жылдан бери баштаган. Ошол жылы биринчи аба аянты курулуп, 1948-жылдан тартып оор учактарды кабылдай турган болгон. 1956-жылдан баштап абамайдан күнү-түнү бою иштей баштаган. Абамайдан чамасы менен калаадан 35 чакырым алыстыкта орношкон. Анын курулушу Көкчөтоо таш жолунун боюндагы Чортонду же Караганды таш жолунда жайгашкан Арчалуу аймагында тургузулган. Азырка абамайдан ички багыттар менен сырткы багыттарга карай учкан учактарды тейлейт.

Нур-Султан Эларалык аба майданына Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилген. КР Өкмөтүнүн бул тууралуу токтому "Казахстанская правда" гезитинде жарыялангвн.

Ташуучулар менен Багыттар түзөтүү

Ички каттамдар терминалы түзөтүү

Ташырмандын
аталышы
Багыттары
Air Astana Актөбө, Алматы, Атырау, Костанай, Кызылордо, Орал, Өскөмөн, Павлодар, Петропавл, Семей, Жезказган, Актоо, Чымкен
SCAT Актоо, Актөбө, Орал, Шымкент, Тараз, Өскемен, Тараз, Қостанай
Starline.kz Актоо, Актөбө, Чымкен
Zhetysu Талдуукоргон
Bek air KZ Орол

Эларалык каттамдар терминалы түзөтүү

Ташырмандын
аталышы
Багыттары
Aerosvit Airlines Киев
Air Astana Абу-Даби, Франкфурт, Анталья, Ыстамбул-Ататүрк, Мөскөө-Шереметево, Новосибирск, Үрүмчү, Ганновер, Екатеринбург, Ташкен, Бакы, Санкт-Петербург, Омбу
Austrian Airlines Вена
Avia Traffic Company Бишкек
Belavia Минск
Etihad Airways Абу Даби
Imair Airlines Бакы
Lufthansa Франкфурт
Rossiya Санкт-Петербург
SCAT Минск, Тбилиси, Анталья, Дубай, Токио
Transaero Airlines Мөскөө-Домодедово
Turkish Airlines Ыстамбул-Ататүрк
Uzbekistan Airways Ташкен
Wind Rose Aviation Киев
Ukraine International Airlines Киев

Түшүндүрмөлөр түзөтүү


Сырткы Шилтемелер түзөтүү